Асхат Пирназар уулу - «Кант ТШП» ЖЧКнын Финансылык директору
Асхат Пирназар уулу Борбор Азиядагы Америка университетинин финансы, инвестициялар жана банк иши жаатындагы адистиги менен “Бизнести башкаруу” багыты боюнча бакалавр даражасын бүтүргөн. Ал ар түрдүү уюмдарда башкы жетекчилик кызматтарды ээлеп, финансылык сектордо чоң иш тажрыйбага ээ. Азыркы убакта «Кант ТШП» ЖЧКнын финансылык директору болуп саналат, мында ал компаниянын бардык финансылык операцияларын көзөмөлдөйт жана финансылык пландаштырууга жана отчеттуулукка жооп берет.