Биздин артыкчылыктар

Биздин өндүрүмдү дубалдарды сыртынан жана ичинен тариздөө үчүн кеңири колдонушат. Чатырлык вентфасаддардын конструкцияларында фиброцемент такталарды жана сайдингди колдонуу курулуштун идеалдуу тегиз геометриясын калыбына келтирүүгө, кошумча жылуулоо жүргүзүүгө, алдын ала даярдыксыз ар кандай өңгүл-дөңгүлдү жана тегиз эместикти четтетүүгө жол берет.
  • Жогору бекемдик
    Ийүүгө бекемдик (фиброцемент такталардын бекемдик чегинин көрсөткүчү орточо 30 МПа түзөт)
  • Аязга туруктуулук
    Тоңуунун жана эрүүнүн орточо 100 түрмөгү. Тоңуу -15°Сден жогору эмес аба табында; эрүү +10°Сден төмөн эмес аба табында
  • Өрттө коопсуздук
    PROFIB фиброцемент такталары күйбөйт жана отту жайылтпайт
  • Нымга туруктуулук:
    Такталар нымдан көппөйт, чирүүгө жана көгөрүүгө дуушарланбайт

Фиброцемент такталар

Profib – формасы, өлчөмү, түсү же колдонулушу боюнча чектөөлөргө ээ болбогон фиброцемент такталар. Фиброцемент такталардан фасаддык чечим эстетикалуу гана болбостон, кызмат да өтөйт: желдетилүүчү фасаддар тутуму дубалдарды нымдан коргойт, жогору ызы-чууну-жылуулукту изоляциялоого ээ болот жана 50 жылдан ашуун оңдоосуз кызмат кылат. Алар фасаддарды каптоо үчүн гана колдонулбайт, бөлмөлөрдү ички жасалгалоо, имараттардын кирүүчү топторун каптоо, цоколду жасалгалоо жана башка курулуш-куроо жумуштары үчүн колдонулушат.
Мындай фиброцемент такталар көп сандаган жүргүзүлгөн сыноолордо тастыкталган эң сонун техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болушат. Фиброцемент такталардын бардык оң касиеттери курулуш индустриясы жана архитекторлор тарабынан коюлуучу жогору талаптарга жооп беришет.

Фиброцемент сайдинги

Фасадды пластик, кыш жана жыгач менен жасалгалоого эң мыкты альтернатива болуп Prodek фиброцемент сайдинги кызмат өтөйт. Материал өзгөчө камкордукту жана мезгили менен оңдоону талап кылуучу пластик жана металл сайдингге, фасаддарды жыгач менен жасалгалоого татыктуу альтернатива болуп кызмат кылат. Фиброцемент дубалдардын ишенимдүүлүгү жөнүндө (“менин үйүм – менин чебим”), ал эми жыгач – жайлуулук жана бейпилдик жөнүндө айтып турат. Материал суу өткөрбөйт жана өзүн агрессивдүү чөйрөдө жакшы сезет. Аны жээктердеги – нымдуулугу жогору жана абада туздун камтылышы жогору эң татаал аймактардагы үйлөрдүн фасаддарын каптоо үчүн кокусунан колдонушпайт.
Prodek фиброцемент сайдингин куроону ар түрдүүчө, модернден классикага чейин – ар түрдүү стиль жана түр алып аткарууга болот.

Биздин завод

Кант ТШИ заводу 1967-жылы негизделген, анда жүздөгөн кызматкерлер иштешет, Кыргыз Республикасындагы эң ири өндүрүштүк ишканалардын бири болуп саналат. Биз шифер жана түтүктөрдү өндүрүүдөн баштаганбыз, жана андан бери Kant TSP узак жолду басып өттү. Жыл артынан жыл сайын өнүгүү Кыргызстандын ДИӨнүн өсүүсүнө, өлкө үчүн экспорттун көбөйүүсүнө түрткү болду, ошондой эле жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн жашоо каражатын табуусун камсыз кылды. Биз өнүмдү кыйла жеткиликтүү кылуу жана сапатын жакшыртуу үчүн өндүрүмүбүздү жакшыртуунун үстүнөн активдүү иштейбиз жана инновацияларды киргизебиз. Азыр биз өндүрүмдү Казакстан, Өзбекстан жана керек десе Россия өңдүү өлкөлөргө экспорттойбуз, анткени кардарлар биз ким экенибизди, сапатыбыз кандай экенин, акционерлерибизге эмне бере аларыбызды билишет жана бизге ишенишет.

Биздин сертификаттар

Биздин ишкананын тарыхы өз башаттарын 1967-жылы “КЦШК” ААК завод-гигант негизделген учурдан бери алат, ал кийин, 2007-жылы “КЦЗ” ААК жана “Кант ТШИ” ЖЧК болуп кайра уюштурулган. Бүгүнкү күндө биздин ишкана Кыргыз Республикасынын аймагындагы хризотилцемент чатыр жана фасад материалдарын, ошондой эле ар түрдүү диаметрдеги хризотилцемент түтүктөрүн жападан жалгыз өндүрүүчү болуп саналат. Жогору сапатынын жана төмөн бааларынын аркасында бидин заводдун өндүрүмү өлкөнүн бардык аймактарындагы калктын ар түрдүү катмарларынын арасында өзгөчө суроо-талапка ээ. Биздин өндүрүм кошуна өлкөлөрдө да чоң суроо-талапка ээ.
Биз Казакстандын жана Өзбекстандын базарында активдүү ишмердүүлүк жүргүзөбүз, ал жакта биздин өндүрүм шаардын бүтүндөй бир микрорайондорун курууда колдонулат жана Казакстандын ар түрдүү мампрограммаларына кирет. Биз жумуш орундарын түзөбүз, салыктарды төлөйбүз, технологияларды өнүктүрөбүз жана, чет элдик кесиптештер үчүн абдан маанилүүсү, ишенимдүү өнөктөш катары Кыргызстандын оң бейнесин түзөбүз
Оставить заявку
Колдоо кызматы
САЙТТЫН КАРТАСЫ
БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТЫ:
Башкы кеңсе: +996 706 122 331
Монолит ББ: +996 706 122 331
Алматы ш.: +7 707 212 0021
Ташкент ш.: +998 90 931 68 67
Copyright © 2007-2022, ЖЧК «Кант ТШП»