“Мурабаха” келишими – бул банк кардардын өтүнүчү боюнча товарды сатып алып, аны белгилүү үстөк акы менен бөлүп саткан финансылык келишим. Товар банктын менчигинде болушу керек жана анын сатуу баасы кардар менен макулдашылат.
Кантип товар сатып алса болот?
1
PROFIB сатуучу кеңселеринин бирине барып, керектүү продукциянын санын эсептеп, төлөм үчүн эсеп-фактураны жана QR кодду алыңыз.
2
Паспорт, эсеп-фактура менен MBANK филиалына барып, банктын бекитүүсүн жана келишимди алыңыз.
3
QR код аркылуу төлөм жүргүзүп, товарыңызды заводдон алып кетиңиз.
4
Маанилүү: Жүк ташуу чыгымы кардардын эсебинен.
Толук маалымат алуу үчүн биз менен байланышып коюңуз.