Сыпаттамасы
Чолпон-Ата шаарындагы СПА-борбор үчүн фасад. Фиброцемент сайдинг жана фиброцемент панелдер — бул жылдын бардык мезгилдеринде тез жана оңой монтаждалган, «нымдуу» процесстерди аткарууну талап кылбаган ишенимдүү материал. Материал фасаддардын желим жана металл сайдингине, ѳзгѳчѳ кароону жана мезгили менен оңдоону талап кылган жыгач жасалгалоосуна татыктуу альтернатива болуп кызмат ѳтѳйт. Аны фронтондор менен карниздерди жасалгалоо, балкондорду тосуу ж.б.у.с. үчүн да колдонушат.